БШКнын жумушчу тобу бүгүн "Кыргызстан" партиясынын чуулгандуу документтерин карап чыгат
БШКда партиянын жана басма сөз өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйын өтөт
"Кыргызстан" саясий партиясынын документтерине байланыштуу пикир келишпестиктерди эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн саат 14.00дө партиялардын, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топтун кеңейтилген отурумун өткөрөт.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин 2020-жылдын 24-августунда саат 18:00 чейин БШКга тапшырышы керек:
Саясий партиянын талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечими;
Талапкерлердин тизмесине кирген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, биографиялык жана башка маалыматтар менен талапкер жөнүндө маалыматтын атайын формалары, паспорттун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен справка, башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө маалымат, соттуулугу, жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жазуу жүзүндө макулдугу же чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу (мурунку жарандыгын, башка жарандыгын кошо алганда);
Шайлоо депозитинин төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
Талапкерлердин тизмеси жана талапкерлер жөнүндө маалыматтар БШКга кагаз менен кошо электрондук түрдө берилиши керек.
Борбордук шайлоо комиссиясына каттоого төмөнкү саясий партиялар кайрылган:
1. "Актив".
2. Ооган согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы
3. "Мекен Ынтымагы"
4. "Ата-Мекен"
5. "Мекенчил",
6. "Бир Бол"
7. "Ыйман Нуру"
8. "Замандаш"
9. "Чок Казат"
10. "Реформа"
11. "Республика"
12. "Бүтүн Кыргызстан"
13. "Социал-демократтар"
14. "Биримдик" Демократиялык партиясы ("Биримдик")
15. "Мекеним Кыргызстан"
16. "Ордо"
17. "Кыргызстан"
Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесине ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин Конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат. Көрсөтүлгөн текшерүү мыйзам менен бекитилген ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда, эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин же талапкерлердин тизмесиндеги документтердин дал келбестиги ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоого тоскоол болгон болсо, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга дал келбестик жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Саясий партия кабарлоону алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. "
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ сунушталган документтерди иликтеп жатат.
Кыргыз Республикасынын БШК маалымат кызматы
photo www