Алмазбек Атамбаевди СИЗО-1ге которбоо чечими кабыл алынды
Биринчи Май райондук соту прокурорлордун өтүнүчүн канааттандырды
Экс-президент Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулбайт. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы баракчасына анын адвокаты Замир Жоошев жарыялады.
«Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулбайт.
Мындай чечимди Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин карап жаткан Биринчи Май районунун соту чыгарды.
Прокурорлор экс-президенттин УКМКнын СИЗОсунда кармалышы боюнча арыз берди. Сот канааттандырды », - деп жазган адвокат.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайтына бүгүн Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулат деп айтылган. Адвокатынын айтымында, экс-президент тергөө абагынан No47 түзөтүү колониясына которулушу мүмкүн. Адвокат Атамбаевдин ден-соолугу начарлап кеткенин белгиледи.
Сүрөт www