Бишкек шаарынын вице-мэри: Жерге болгон мораторий күчүндө калат
Азиз Алымкулов белгилегендей, шаардык кызматтар жерди кайтарып берүү багытында иштеп жатышат
Бишкек шаарынын вице-мэри: Жерге болгон мораторий күчүндө.
Азиз Алымкулов белгилегендей, шаардык кызматтар жерди кайтарып берүү багытында иштеп жатышат.
Ар кандай объектилер үчүн жер тилкелерине ижара укуктарын берүүгө мораторийди жакынкы аралыкта алып салуу пландаштырылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов жер реформасы жана баш калаадагы мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүү боюнча онлайн брифингинде билдирди.
Ал белгилегендей, шаардык кызматтар жер тилкелерин кайтарып алуу жана санарип технологияларын жайылтуу багытында иш алып барышканы жарандар үчүн ачык-айкын, жеткиликтүү жана ачык, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди азайтат.
Шаарга 4,9 гектарга жакын жерди кайтарып берүү, ошондой эле муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн 100 миллион сом суммасында дебитордук карыздарды чогултуу пландаштырылууда.
Алымкулов кошумчалагандай, 1-сентябрдан баштап дебитордук карызы бар жер ижарачыларын аныктоо иштери башталды. Октябрь айынан баштап 6 айдан ашык дебитордук карызы бар ижарачыларга карата келишимдик мамилелерди токтотуу чаралары көрүлөт.
2-сентябрда шаарга төмөнкү жер тилкелери кайтарылды:
шаардык "Ак-Кула" ипподромунун аймагында, аянты 57,4 га;
Шабдан-Баатыр 4көчөсүндө 5,028 га жер аянты бар автобазанын мүлк комплекси.;
Адинай паркындагы аянты 3,66 га жана 0,306 га жер тилкелери;
Ю. Фучик паркта жайкы кинотеатрдын имараты 0,1013 га жер участогу менен.
Ошондой эле, төрт бала бакчанын имараттары шаардын балансына өткөрүлүп берилди, Рабочая көчөсү 1 деги дагы бир мектепке чейинки билим берүү мекемесин кайтаруу пландаштырылууда
Урматтуу ижарачы ишкерлер! Келишимдин шарттарын бузбоону, муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп берүүнү суранабыз.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www