Бишкек шаарынын прокуратурасы партиялардын биринин пайдасына административдик ресурстардын колдонулушун аныктады
Тергөө материалдары шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди
Бишкек шаарынын прокуратурасы БШКдан борбор калаанын МТУлардын биринин башчысы К.Т.нын аракетине укуктук баа берүү жөнүндө келип түшкөн материал боюнча текшерүү жүргүздү.
Бишкек шаарынын Биринчи Май административдик районундагы No12 МТУнун башчысы К.Т., үй комитеттеринин жана үй ээлеринин шериктештигинин төрагаларынын жолугушуусунда, Жогорку Кеңештин Кешештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын бирине үгүт жүргүзүп, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, прокуратура органдары 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мыйзам бузуу (Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу) Кодексинин 87-1-беренесине ылайык АМС КЖЖБР каттоосуна каттап, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө жүрүп жатат.
Шайлоо мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу аракеттери улантылат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www