УКМК: Пробация департаментинин кызматкери соттон эрте бошотуу боюнча жардам көрсөтөм деп 38 миң сом талап кылгандыгы үчүн кармалды
Коопсуздук кызматкерлери пробация бөлүмүнүн башкы кызматкерин пара алып жатканда кармап кетишти
«С.А.С.» аттуу жарандын арызы боюнча 27-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки иликтөөнү АМС КЖЖБР каттады.
Ош шаарындагы пробация бөлүмүнүн башкы кызматкери "А.А.М." , "С.А.С" аттуу жарандан соттон эрте шарттуу түрдө чыгарып берүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн 38 миң сом талап кылган.
УКМК тарабынан 2020-жылы 1-сентябрда Ош шаарында 38 миң сом алып жаткан жеринен “А.АМ” кармалды. Ал №53 СИЗОго камакка алынды.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз