Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда курал-жарак саткан дүкөндөрдүн бардыгы шайлоого бир нече күн калганда жабылат

Ошол эле учурда курал алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берүү убактылуу токтотулат

ИИМ Коомдук коопсуздукту сактоо багытында шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан убакта жарандардагы курал-жарактар толугу менен текшерүүгө алынат жана курал-жарактарды берүү убактылуу токтотулат
Kыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депуттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында Кыргыз Өкмөтүнүн токтомунун талаптарына ылайык жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн курал-жарактарды, алардын сакталышын жана ага тиешелүү документтерин толугу менен текшерүүгө алышат. Текшерүү куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат. Текшерүүгө ала турган курал-жарактардын катарына бардык жеке күзөт кайтаруу агенттиктери, алардын филиалдары жана аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн өзү коргоого ала турган курал-жарактар жана ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген курал жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксаат берилүүчү документтер да убактылуу токтотулат. Текшерүү, көзөмөлгө алуу чаралардын жүрүшүндө жакынкы арада республикабыздын аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген ишканалар менен дүкөндөрдүн да ишмердүүлүгү убактылуу токтотулмакчы. Өлкөбүздүн аймагында жарандардын колундагы курал жарактарды текшерүүнүн максаты жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, кылмыштуулукка жана куралдын мыйзамсыз жайылтылышына каршы ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бири катары эсептелет жана ал коомдук тартипти толук көзөмөлгө алууга жана чыңдоого багытталат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх