Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев жеңил кылмыштар үчүн түрмөгө отургузбоону сунуштады (видео)

Генерал соттор адамдын тагдырын оңой эле сындырып салышы мүмкүн экенин баса  белгилеп өттү

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын кызматынан убактылуу бошогон генерал Мелис Турганбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жеңил кылмыштар үчүн түрмөгө отургузбоону сунуштады. Тийиштүү видео Фейсбук социалдык тармагында тарады.элдерге 

«Эмне үчүн кичинекей мыйзам бузуулар үчүн түрмөгө отургузуш керек? Камактагы адамдарга баргандан коркпойм. Корксоңуз, анда эмне үчүн мындай жумушка барыш керек? Мен аларгабарам, чай ичем, сүйлөшөм. Алардын кандайча жашаарын, эркиндикке чыккандан кийин эмне кылууну көздөп жатышканын, кандай кылмыштар менен камалып жаткандыгын билем. Бири тоок уурдагандыгы үчүн бешинчи жыл түрмөдө отурганын айтса, экинчиси - төрт адамды алдап 18 жыл алганын, үчүнчүсү - адам өлтүргөнү үчүн ушундай эле мөөнөткө ээ болгонун айтат. Мындай кырдаалдар көп эле кездешет. Негизинен соттор көз карандысыз болушу керек. Сиз билесиз бизде соттор ар кандай чечимдерди кабыл ала аларн. Адамдын тагдырын сындыруу өтө оңой », - деди Мелис Турганбаев.

Эске салсак, Мелис Турганбаев Замандаш партиясынан ЖКнын депутаттыгына талапкер көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан убактылуу кеткен.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх