Чыңгыз Айдарбеков Сергей Лавров менен Москвада жолугушту
КР ИИМ коронавируска каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардамы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди
Мындан бир күн мурун, 2020-жылы 9-сентябрда Москвада Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу болуп өттү.
Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясына каршы дары-дармектер жана шаймандар түрүндө Кыргыз Республикасына көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн, ошондой эле Кыргызстанда коронавирустун жайылышына каршы баа жеткис салым кошкон россиялык дарыгерлердин жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министри кызматташуунун эң маанилүү багыттарын, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары, айрыкча Россиянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттер үчүн Россиянын аймагына кирүүгө уруксат берүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар бардык пландаштырылган иш-чаралардын, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын бурулуш жылынын алкагында иш жүзүнө ашырылышына үмүт артышты.
Мындан тышкары, аймактык жана эл аралык саясаттын маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти
Сүрөт www