Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан Кыргызстан менен чек арасын ачты. Өлкөлөр ортосунда аба каттамы жанданды

Бул тууралуу КР ТИМ башчысынын казак кесиптеши менен жолугушуусунан кийин белгилүү болду

2020-жылдын 9-сентябрынын алдында Москва шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Айдарбеков коронавирус эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштүн ийгилигин белгилеп, кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу жана кыргыз автоунаа ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү үчүн транзиттик коридор менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштер үчүн казак тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эл аралык аба каттамын калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Казакстан тарап Кыргызстан менен аба каттамын калыбына келтирүү боюнча оң чечимин жарыялады.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кирүү режимин жогорулатуу максатында, казак тарап иштеп жаткан өткөрүү пункттарынын иштеши жөнүндө толук маалымат берди.

Эл аралык жана регионалдык кызматташуу маселелерине, анын ичинде БУУ жана ЕАЭБ алкагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх