Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамшитбек Калилов шайлоого катышуусу жөнүндө: Мен эч качан коррупция менен алектенген эмесмин

Коррупциялык ызы-чуудан кийин кызматын таштап кеткен Транспорт министрлигинин экс-башчысы эмне үчүн парламенттин депутаттыгына талапкер болууга толук укугу бар экендигин түшүндүрдү

Парламенттик шайлоого катышуусу менен коомчулуктун нааразычылыгын жараткан Транспорт жана жолдор министринин кызматынан кеткен Жамшитбек Калилов чуулгандуу окуя менен Vesti.kg сайтына берген маегинде эч качан коррупция менен алектенбегендигин айтты.

Анын айтымында ал Транспорт министрлигин жетектеп турганда, өзүнүн программасын иштеп чыгып, коррупциянын көрүнүштөрүнө каршы ар тараптуу күрөшүп келген. Ошол эле учурда Калилов анын маалыматтарын ачыкка чыгарган жок.

"Мен Транспорт жана жолдор министри болуп туруп, коррупция менен күрөштүм" дейт Жамшитбек Калилов. - Аны жок кылуу боюнча программа иштеп чыгып, эч кандай атын атабай , укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болуп турдум. Сунуштарды бердим.

Ошол эле учурда депутаттыкка талапкер бош эмес экендигин айтып жатып, эмне үчүн “Биримдик” партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюуну чечти деген суроого жооп берген жок.

Эскерте кетсек буга чейин Калилов Транспорт министрлигин жетектеп келген, бирок былтыр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын кызматтан кетишине чейин коррупциялык жаңжал чыккан - Калиловдун орун басары Азимкан Жусубалиев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ушундан кийин Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Калиловдун кызмат ордун ээлөөгө укугу жок деп билдирди.

Июль айында сот Азимкан Жусубалиевди күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан жана материалдык далил катары алынган акча мамлекеттин эсебине которулган.

Көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучулары Калиловдун жаңы саясий дымактары жөнүндө укканда нааразычылыгын билдиришти.

Шайлоого талапкерлигин көрсөткөндө Калилов «Кыргыз Темир Жолу» НК Мамлекеттик ишканасынын алдындагы темир жолду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекцияны жетектеген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх