Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов: Маалыматтарга караганда бардыгы жайында, бирок иш жүзүндө кырдаал бир аз башкача

Өкмөт башчы жаңы салынган жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын жеке өзү текшерүүгө ниеттенүүдө

Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын, ошондой эле курулуш жана оңдоо иштеринин сапатын жеке көзөмөлгө алам. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди. 

«Бизге берилген отчеттор боюнча бардыгы жакшы. Чындыгында абал баяндамаларда көрсөтүлгөндөгүдөн башкачараак. Мен ар бир курулган жана профилин өзгөрткөн ооруканаларга барып, иш жүзүндө кандай иштер аткарылгандыгын көрүүнү инеттенүүдөмүн. Көрсөтүлгөн медициналык мекемелерге, биринчи кезекте, оору күч алып турган мезгилде жетишпеген медициналык жабдуулар менен камсыздоо керек. Бул өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, рентген-аппараттар, компьютердик томография аппараттары, абаны айлантуучу жабдыктар. Алардын сатылып алынышын жана медициналык мекемелер арасында туура бөлүштүрүлүшүн контролдоо зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы медициналык тез жардам борборлорун тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Пандемия күчөгөн маалда негизги көйгөй катары тез жардам унааларынын жана бригадалардын жетишсиздиги болду. Тактап айтканда, калктын көп бөлүгү жашаган Бишкек шаарын болгону 38 тез жардам унаасы тейледи. Бул абдан аз. Июнь айына карата 20 жакын унааны жана мобилдик бригаданы коштук. Абал жакшырган жок. Көптөгөн чакыруулар жоопсуз калып, же медиктер чакырууга кечигип келип жатты. Ошондуктан шаар жана айылдарыбызды жетиштүү тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүү», - деп белгиледи Премьер-министр.  

Саламаттык сактоо министрлигинин малыматына ылайык, жыл аягына чейин эл аралык донорлордун долбоору боюнча өлкөгө 115 ашуун тез жардам унаасы алынып келинет, алар аймактарга да бөлүнөт. 

«Тез жардам унаалары менен камсыздоо – маанилүү милдет. Буга катар аларда иштей турган квалификациялуу врачтардан турган бригадалар керектелет. Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени чечиши кажет. Тез жардам борборлорунун жана медициналык мекемелердин ишин координациялоону жайгаруу зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн тез жардам бригадалары шаар боюнча жүрүп, оорулууну жаткырууга стационарлардан орун табылбаган учурлар болду. Мындайга жол берилбеши керек. Бардык тартылган кызматтардын өз-ара аракеттешүү алгоритми тыкыр иштелип чыгышы зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх