Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү кантип текшерсе болот?

БШК шайлоого катыша ала турган жарандар жөнүндө маалыматтарды түзүүнү 19-сентябрда аяктайт

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүүнү улантууда. Аларга өзгөртүүлөр 19-сентябрды кошо алганда киргизилиши мүмкүн.

Жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен бир нече жол менен текшере алышат:

- шайлоо участогунда;

- Тизме порталында www.tizme.gov.kg шилтемесинде;

- GRS call-борборунун 119 номерине чалып (акысыз чалуу);

- 119 номерине жеке идентификациялык номериңизди (ПИН) көрсөтүү менен SMS жөнөтүү аркылуу.

SRS Services мобилдик тиркемесин колдонуп, шайлоочулардын тизмесинен дагы тактап алсаңыз болот. Аны Android платформасындагы смартфондордун колдонуучулары көрө алышат. Play Marketке "SRS Services" тиркемесин жүктөп, "УШКнын дарегин текшерүү" бөлүмүнө кирүү жетиштүү. IOS операциялык тутуму бар телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болот.

Тизме порталында өзүн тизмеден табуу боюнча толук нускамалар бар экендигин эске алыңыз.

Эскерте кетсек, шайлоо 4-октябрда болот. Шайлоо процессине 15 партия катышат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх