Кыргызстандыктар 22-сентябрда Ала-Тоо аянтында эки мыйзамды колдоо максатында митинг өткөрүүнү көздөп жатышат
"Парламент депутаттары аңчылыкка тыюу салган жана мөңгүлөрдү коргогон мыйзам долбоорлорун колдосун"
Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда Кыргызстандыктар эл өкүлдөрүнө аңчылыкка тыюу салуу жана мөңгүлөрдү коргоо жөнүндө мыйзамдарды колдоп берүүгө милдеттендирип, №2а формасын толтуруп берүүнү өтүнүшөт. Тийиштүү маалымат Facebook социалдык тармагында таркатылды.
«Мекендештер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушууда, алардан №2а формасын толтуруп берүүнү суранышат. Бул талапкерлердин аңчылыкка тыюу салуу жана мөңгүлөрдү коргоо мыйзамдарын колдоо боюнча милдеттенмелери. "Реформа" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Сооронкулова биринчилерден болуп №2а формага кол койду. Чоң рахмат!" - Facebook колдонуучусу Eleri Bitikci жарыялаган.
Мындан тышкары, жарандар 22-сентябрда Ала-Тоо аянтында саат 12: 00дө аталган мыйзам долбоорлорун колдогон митинг өткөрүүнү көздөп жатышат.
Бул убада аткарылбай калган учурда, эл өкүлү өзүнүн мандатын тапшырууга милдеттүү экендиги белгиленди.
Фото www