Эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасындагы шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат сурашты
КМШнын байкоочулар миссиясы БШКга, Ички иштер министрлигине, Жогорку Сотко жана Башкы прокуратурага кат жөнөттү
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен келген байкоочулар миссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону көзөмөлдөөнү улантууда.
КМШдан келген узак мөөнөттүү байкоочулар Бишкектеги шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү менен таанышты. Бишкек АШКнын төрагасы Кайрат Маматов эл аралык байкоочуларга шайлоого даярдыктар, атап айтканда шайлоочулардын тизмесин түзүү жөнүндө маалымат берди.
Миссиянын өкүлдөрү участкалык шайлоо комиссияларына барганда, алардын техникалык жабдуулары, комиссия мүчөлөрүнүн жана операторлордун жарандарды биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо жана автоматтык түрдө окуу урналарын тейлөө боюнча тренингдин формасы менен таанышышты.
КМШдан келген байкоочулар белгилегендей, бардык участкалык шайлоо комиссияларын планшеттер менен жабдуу алардын мүчөлөрүн зарыл болгон методикалык материалдар менен камсыз кылууга жана оор эпидемиологиялык кырдаалда окутууну уюштурууга мүмкүндүк берди.
КМШнын Байкоочулар Миссиясынын ишинин бири ыйгарым укуктуу органдарга келип түшкөн арыздарды талдоо болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, Миссиянын штабы БШКга, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине табылган мыйзам бузуулар, козголгон кылмыш иштери, ошондой эле шайлоо кампаниясынын жүрүшү менен байланышкан кайрылуулар жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү өтүнүчү менен каттарды жөнөттү.
КМШнын Байкоочулар Миссиясы шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөнү улантып, шайлоо кампаниясынын этаптарынын өтүшүн изилдеп, шайлоону маалыматтык камсыз кылууга жана үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамдардын сакталышына көңүл бурду.
КМШ байкоочулар миссиясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www