Шайлоочулардын жарымы азырынча кайсы партияга добуш берүүнү чече элек
Кыргызстанда жарандардын алдыдагы шайлоого карата көз карашы боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү
«Общее дело» коомдук фонду 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоого карата жарандардын көз карашы боюнча социалдык сурамжылоо жүргүздү.
Изилдөөлөргө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 75 пайызы шайлоого катышууну пландаштырууда.
Шайлоого катышууга эң жогорку даярдык Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарында байкалууда.
Респонденттердин 15 пайызы 16 партиянын кимисине добуш берерин билишет, алардын жарымы дагы жооп бере албай убара.
Сурамжылоого катышкандардын дагы 14 пайызы бардык партияларга каршы добуш бере тургандыктарын билдиришти.
Сурамжылоо 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин жүргүзүлгөн.
Сүрөт www