Швейцарияга киргенде Кыргызстандыктар 10 күндүк карантинден өтүшпөйт
Эгерде жаранда виза жана башка уруксат документтери болсо, анда КРнын жарандары бул өлкөгө эркин кире алышат
Кыргызстан 2020-жылдын 7-сентябрында Швейцарияга киргенде жарандары 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды. Тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 4-сентябрында кабыл алынган.
Демек, 2020-жылдын 7-сентябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары, виза жана башка уруксат документтери менен Швейцарияга эркин кире алышат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз