Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Бишкекке коргоочу маскалар жана кычкылтек концентраторлорун белек кылды
Борбор калаанын вице-мэри Корея Республикасынын өкмөтүнө жардамы үчүн ыраазычылык билдирди
Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк менен жолугушту.
Элчи шаардыктарга колдоо көрсөттү: 500 KF94 маскасы, 20 коргоочу костюм, 20 желим коргоочу маска, 2 кычкылтек концентратору.
Мозгачева Корея Республикасынын өкмөтүнө пандемия мезгилинде көрсөткөн жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.
"Сиз көрсөткөн гуманитардык жардам биздин өмүрүбүздү сактап калууга жардам берет деп ишенем" деди вице-мэр.
Көңүл буруңуз, бул борборго биринчи жардам эмес. 4-сентябрда COVID-19 менен күрөшүү үчүн бир тууган Гуми шаары (Түштүк Корея, Кёнсанбук-до провинциясы) ошондой эле 20 миң AirQueen KF80 маскасы, 10 миң стомотологиялык маскасы болгон медициналык продукция берди.
Бишкек шаарынын мэриясы Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине бүткүл дүйнө жүзү үчүн ушул оор мезгилде колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www