Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасын карайт

Саламаттыкты сактоо министрилигинин экс-жетекчиси шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен менен пайдаланган деп айыпталып жатат

Бугун Бишкек шаарын Биринчи Май райондук соту мурунку саламаттыктагы сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу Vesti.kg  укук коргоо органынан маалыматтарды берди.

Эске салсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) 15-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-башчысы Космосбек Чолпонбаевди Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен камакка алган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтиришкени аныкталды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх