Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын төрагасы Опумбаев эң коррупциялашкан бийлик чөйрөлөрүн атады

Өлкөнүн башкы коопсуздук кызматкери башкаруу бөлүмүндө коррупциялык схемалардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын күч-аракети туруктуу коррупциялык схемалар болгон мамлекеттик башкаруунун төмөнкү чөйрөлөрүнө багытталган:

— мамлекеттик сатып алуулар;

— сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдары;

— фискалдык функциялары жана лицензиялык- уруксат берүү иш-милдеттери бар органдар;

— мамлекеттик мүлктү жана муниципалдык менчикти башкаруу;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Орозбек Опумбаев бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча улуттук коопсуздук органдарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, алардын ар бирине кенен токтолду.

Орозбек Опумбаев маалымдагандай, 2018-жылдын башынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин УКМКнын материалдары боюнча укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан коррупциялык багыттагы 1017 кылмыш иши жана сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, кылмыш иштери козголгон.

Анын айтымында, мамлекеттик сатып алуу тармагы коррупцияга көп малынган, товарларды, материалдарды сатып алуу, байланышы бар тараптар аркылуу сапатсыз иштер жана кызмат көрсөтүү жолу менен мамлекетке өтө чоң зыян келтирилген.

Буга мисал катары УКМК төрагасы бир катар кылмыш иштерин белгиледи:

— «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы байланышы бар компаниялардан товарларды-материалдарды сатып алуудагы коррупциялык фактылар боюнча, мында 8%дан 15%га чейин артка кетүү болгон;

— Транспорт жана жолдор министринин орун басары тендер өткөрүүдө жеңдирип чыгаруу үчүн 520 миң АКШ долларын талап кылып, 50 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган факты боюнча;

— Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» МИнин, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кызмат адамдары тарабынан жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча;

— Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы көптөгөн коррупциялык көрүнүштөр жооптуу кызмат адамдары тарабынан материалдык сыйакыга жеке адамдардын жана юридикалык жактардын пайдасына ар кандай процесстик чечимдерди кабыл алынышы менен байланыштуу.

 

Буга төмөнкү кылмыш иштери жана сотко чейинки өндүрүш материалдары мисал болуп саналат:

— Административдик материалдарды мыйзамсыз жок кылган жана айыппулдарды төлөөгө багытталган акча каражаттарына ээлик кылып алган Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына карата;

— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалган факты;

— Кара-Суу райондук сотунун төрагасын ири көлөмдө пара алып жаткан жеринен кармалышы;

— 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө өтө ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысына карата;

— Тинтүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, буюмдук далилди (алтын) мыйзамсыз ээлеп алган ИИМдин баңги заттарды мыйзамсыз айлантуу менен күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысына карата;

— Кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, опузалап акча талап кылган ИИМдин Тергөө кызматынын Өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалыгынын башчысын 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармоо фактысы.

 

Ушундай эле пара алып жатып кармалгандар:

— Токмок шаардык прокурорунун улук жардамчысы;

— Жети-Өгүз райондук прокурорунун жардамчысы;

— ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз айлантуу менен күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыгынын башчысы.

Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында сот системасынын 32 кызматкери, анын ичинде 20 судья, ошондой эле укук коргоо, фискалдык органдардын жана прокуратуранын 215 кызматкери кылмыш жообуна тартылган.

Фискалдык иш-милдеттерге ээ жана лицензиялык-уруксат берүүнү ишке ашыруучу органдар салык органдары, Мамэкотехинспекция жана башка көзөмөл органдары менен байланышта ишкердик субьектилерин мыйзамдуулуктун сакталышы, ошондой эле уруксаттарды жана лицензиялардын берилиши боюнча текшерүү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктерге барат.

 

Аталган мамлекеттик органдардагы коррупцияга төмөнкү кылмыш иштерин мисал катары келтирсек болот:

— ишкер субъектилердин кошумча нарк салыгы үчүн ашыкча төлөгөн салыгын мыйзамсыз кайтаруу фактысы, мунун айынан мамлекетке 700 млн сомдон ашык зыян келген;

— Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин жүктөрдү ташып жеткирүү эрежелерин бузгандыгын жашыргандыгы үчүн опузалап, пара талап кылуу схемасын түзгөн кызматкерлерине карата ачылган кылмыш иши, мунун айынан 1 млрд 300 млн зыян келген;

— Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин ичинен акчалай сый акы үчүн Казакстандан мыйзамсыз товар алып кирүүнүн туруктуу каналын түзүп алган кылмыштуу топко карата ачылган кылмыш иши;

— Мамэкотехинспекциянын курулуш ченемдери менен эрежелеринин бузулгандыгын жашыргандыгы үчүн, ошондой эле курулушка уруксат бергендиги үчүн жеке ишкерлерден пара алуунун схемасын уюштурган кызмат адамдарына карата ачылган кылмыш иши;

 

— Салык төлөөдөн качкан фактыларды жашыруу үчүн системалуу түрдө пара алган Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарынын тобуна карата;

 

Мамлекеттик мүлктү жана муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүнө жүргүзүлгөн анализ жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик активдерди натыйжасыз башкарууга байланыштуу негизги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктады.

 

УКМКнын төрагасы билдиргендей, бул өңүттөн алып караганда бир катар кылмыш иштерине көңүл бурууга болот:

— Бишкек шаарында турак үйлөрдү жана инфратүзүмдүк объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупция фактысы боюнча Бишкек шаарынын экс-мэрине жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата;

— Жер участокторун мыйзамсыз бергендиги үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директоруна карата;

 

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү ачыктоо жана бөгөт коюу боюнча УКМК жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында жетекчилик звеносундагы деңгээлде коррупциялык схемаларды кыскартууга өзгөчө көңүл бурулууда. Анын алкагында мамлекеттик органдардын 26 жетекчиси, Бишкек шаарынын мурунку 2 мэрине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн 60 жетекчиси кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Орозбек Опумбаев белгилегендей, УКМК ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты санариптик транформациялоо чөйрөсүндөгү процесстерге жана долбоорлорго көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Орозбек Опумбаев кошумчалагандай, бирок укук коргоо органдарынын аткарган иштерине карабастан, коррупция коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасир эткен негизги фактор болуп калууда.

«Биз мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде коррупциялык көрүнүштөрдү ачыктоо жана бөгөт коюудагы иштерди улантабыз. Негизги басым коррупциялык коркунучтарга анализ жасап, алардын себептерин жана шарттарын кыскартабыз», — деп баса белгиледи УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев.

Ал маалымдагандай, 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин УКМК материалдары боюнча укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрү козгогон 1017 коррупцияга багытталган кылмыш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш жоопкерчилигине 529 жаран тартылып, 96 соттолгон.

Орозбек Опумбаев УКМК 1 млрд 230 млн сомду түзгөн мамлекетке келтирилген зыянды кайтарууга салым кошконун белгиледи.

КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫ басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх