Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жалган маалымат таратпоону суранат

Борбор калаа бийлиги саясий уюмдардын биринин дооматтарына жооп кайтарды

Мурунку күнү социалдык тармактарда саясий партиялардын биринин өкүлүнөн борбор калаанын мэриясы жаңы Адинай паркындагы иш-чарага электр жарыгын кошпойт деген жалган маалыматтар пайда болгон.

Маалымат чындыкка дал келбесин белгилей кетели.

Бишкек шаарынын мэриясы аларга учурдагы мыйзамдардын чегинде бардык башка уюмдардай эле шартта аянтча бөлүп берди. Адинай паркында саясатчылар талап кылган үч фазалуу электр менен камсыздоо тутуму жок жана ага муктаждык жок. "Адинай" паркы спортко ылайыкташтырылган.

Мэрия саясий уюмдарды өз аракеттерин текшерип, жалган маалымат таратпоого чакырат. Белгилей кетсек, алардын иш-чараларын техникалык жактан камсыздоо уюштуруучулардын өз компетенциясында.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх