Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыркы суткада коронавирус инфекциясын жугузуп алгандар Баткен облусунда көп катталды. Республика боюнча бардыгы 55 жаран

Өткөн суткада жугуштуу илдеттен адам өлүмү катталган жок

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус жана жугуштуу пневмония менен ооруган 55 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында - 8 адам, Чүй облусунда - 2, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 7, Баткенде - 25, Таласта - 5, Нарында - 2, 2 Ысык-Көлдө жана Жалал-Абад облусунда 4 адам ...

Анын ичинен 3 учур медициналык кызматкерлер.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин республикада коронавирустук инфекциянын 45 миң 471 учуру катталган, алардын 3 миң 202си дарыгерлер.

Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19дон каза болгондор катталган жок. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери 1 миң 63 адам каза болду.

Бир сутка ичинде 104 бейтап ооруканадан чыгарылды: Бишкек шаарында 68, Ош облусунда 8, Баткенде 24, Жалал-Абадда 9 жана Ысык-Көл облусунда 1.

Жалпысынан өлкө боюнча 41 миң 682 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх