Мекеним Кыргызстан № 4: Баткен добуш берет!
Баткен - биздин Кыргызстан ушул жерден башталат! "Мекеним Кыргызстан" партиясы №4 Баткен облусунун шайлоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий бирикменин дарегине көптөгөн жылуу сөздөр айтылды. Аймактын тургундары "Мекеним Кыргызстан" партиясына ишенишет. Өз кезегинде саясий бирикменин талапкерлери шайлоочуларын убадаларын толугу менен аткарабыз деп ишендиришти.
Партиянын лидери Мирлан Бакиров баштаган депутаттыкка талапкерлер өз программалары менен тааныштырып, жергиликтүү аксакалдардан бата алышты. Саламаттыкты сактоо тармагы шайлоочулардын чоң кызыгуусун жаратты.
Мекеним Кыргызстан саламаттыкты сактоону түп-тамырынан жаңыртуу программасынын концепциясын иштеп чыкты.
Бул, эгерде биз бүткүл өлкө боюнча заманбап ооруканаларга ээ болушубуз жана кыска убакыттын ичинде баардыгы үчүн медициналык кызматтарга чыныгы жеткиликтүүлүктү камсыз кылгыбыз келсе, анда саламаттыкты сактоо тутумуна тез арада киргизилиши керек болгон рынок механизмдерине негизделген.
Грузиянын тажрыйбасы далилдейт, реформалар башталгандан берки эки жылдын ичинде саламаттыкты сактоону мамлекеттин функциясынан жеке секторго өткөрүп берүү менен, өлкө боюнча ондогон заманбап көп тармактуу ооруканаларды курууга болот.
Ар кандай изилдөөлөр көрсөткөндөй, аз камсыз болгон Кыргызстандыктар ай сайын кирешесинин 70% дан ашыгын ооруканага кетиришет. Көпчүлүгү дарыланууга жана дары-дармектерге толук төлөп берүү үчүн мүлкүн сатууга же күрөөгө коюуга, акча каражатын карызга алууга аргасыз болушат. Натыйжада, салттуу эмес, далилденбеген дары-дармектердин рыногу өстү, деди Мирлан Бакиров.
Анын кесиптеши Таабалды Тиллаев кошумчалады: “Баткен облусунда рапсты, ошондой эле соя, мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү колго алуу ниетибиз бар. Белгилүү Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун ориентирине айланышы керек ”.
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. 30 09 2020 чыгарылган