Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча сот отурумдарына дагы бир жолу катышууну чечти
Сот мурдагы президенттин адвокатынын өтүнүчүн канааттандырды
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдарына кайрадан катышуу ниетинде. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурунку мамлекет башчынын жактоочусу Кундуз Жолдубаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн адвокат Сергей Слесарев Биринчи Май сотундагы отурумда Атамбаевдин жараянга катышуусун жеткирүүнү камсыз кылуу өтүнүчүн келтирди. Өз кезегинде судья Марат Сыдыков өтүнүчтү канааттандырды жана кийинки соттук отурумдан тартып Атамбаев дагы бир жолу соттук отурумга чыгат.
Эскерте кетсек, буга чейин Атамбаев жараянга катышуудан баш тартканын билдирип, муну өзүнүн ден-соолугу начардыгы жана саясий негизде жараянга катышууну каалабагандыгы менен түшүндүргөн.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www