Соронбай Жээнбеков Кувейттин жаңы Эмири Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Джабер Ас-Сабахка агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты
"Кудай Таалам анын жакшылыктарын кабыл кылсын"
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Эмирине телеграмма жолдоп, анда шейхтин агасы Сабах Аль- Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
«Улуу Урматтуу шейх, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман шейх Сабах Ас-Сабахтын үй-бүлөсүнө жана жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Жараткан Кудай анын жакшы иштерин кабыл кылсын. Бул Ас-Сабахтын жакындарынын же Кувейт элинин эле жоготуусу эмес, бул — бүткүл дүйнө жүзү үчүн эң чоң жоготуулардын бири», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫНЫН басма соз кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз