Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

«Улуу муунга болгон сый-урмат кылымдарды карытып келген. Мындан ары дагы элибиздин ушул каада-салттарын жана үрп-адаттарын так сакташыбыз керек "

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү,

кадырман ардагерлер!

Сиздерди бүгүнкү Карылардын эл аралык күнү менен куттуктайм.

Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан элбиз.

Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.

Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.

Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда.

Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканыңыздар үчүн терең ыраазылык билдирем!

Сиздерге чың ден соолук, бактылуу жашоо, дөөлөттүү карылык каалайм».

КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫНЫН басма соз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх