Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5-октябрда саат 14.00дө Бишкекте оппозициялык партиялардын митинги болот

"Республика" жана "Ата Мекен" бардык аймактардагы тарапкерлерин чакырды

Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Эльвира Сурабалдиева, Руслан Казакбаев, Рыскелди Момбеков 5-октябрда баш калаадагы опера жана балет театрынын имаратына митингге баруу ниетин билдиришти. Алардын кайрылуусу Facebook социалдык тармагында жайылды.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Шайлоо канчалык мыйзамсыз өткөнүнө өзүңүз күбө болдуңуз. Буга байланыштуу эртең саат 14.00дө Опера жана балет театрында жолугушабыз. Биз олигархиялык партияларга жол бербешибиз керек! Кыргызстандын жети дубанынан тең колдоочуларыбызды чакырабыз! Эртең көрүшөбүз!" - деп билдиришти Республиканын жана “Ата Мекен” партиясынын лидерлери.

Медина Купсулдаева
Фото www​ ​ 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх