Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Бул шайлоолор демократиянын жана сөз эркиндигинин үлгүсү

Ал белгилегендей, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү жеңишине сыймыктанышат

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Искендер Матраимов 4-октябрдагы шайлоо демократиянын жана сөз эркиндигинин үлгүсүн көрсөттү деп эсептейт. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“БШК Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

Муну моюнга алыш керек: дал ушул шайлоолордо ар бир саясий уюм жеңишке жетишүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттар түзүлгөн. Бул биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый этап, аны баарыбыз татыктуу өттүк. Бул шайлоо өнөктүгү жогорку саясий атаандаштыктын шартында өттү.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Кыргызстан дүйнөгө демократиянын жана сөз эркиндигинин үлгүсүн көрсөткөндүгүн баса белгилеп кетүү керек.

Ушул эки айда мен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын республикалык штабын жетектедим, ар кандай маалыматтарды алдык, атап айтканда Оштон. Социалдык тармактарда дагы ар кандай мыйзам бузуулар катталып, биздин агитаторлор арыз менен кайрылышты. Бирок шайлоо комиссиясы дагы, укук коргоо органдары дагы ар бир билдирүүгө өз убагында жооп беришти. Тиешелүү органдар жоопкерчиликти алып, эл алдындагы милдетин так аткарды деп эсептейм.

Биздин команда жеңишке сыймыктанат, бирок биз аны чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз.

Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучулары үчүн эң негизгиси деп ишенебиз. Эл өз сөзүн айтты, муну таанып, сыйлаш керек.

Өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн иштейбиз деп сөз беребиз. 4-октябрда шайлоо участкаларына келип, өз тандоосун жасаган ар бир адамга дагы бир жолу рахмат », - деди Искендер Матраимов.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх