Дастан Жумабеков парламент депутаттарын чукул жыйынга чогултууну чечти
Эл депутаттарынын жыйыны Достук мейманканасында саат 16: 00дө болот
Жогорку Кеңештин депутаттары чукул жыйынга чогулушат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымында, азырынча канча депутат катышаары белгисиз. Мындан тышкары, парламентарийлерди чогултуу демилгеси парламент төрагасы Дастан Жумабековго таандык.
- Саат 16: 00дө Достук мейманканасында чукул жыйын болот, - деди JK штабынын басма сөз катчысы. - Бардык депутаттарды чакырдык, бирок кворум болобу же жокпу азырынча белгисиз. Төрага депутаттарды кезексиз жыйынга катышууга чакырды. Азырынча жыйынга депутаттардын кимиси келери белгисиз. Алар күн тартибин өздөрү бекитиши керек.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www