Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Матраимовдор 95 мандат алууну каалаганы үчүн эл нааразычылык акциясына чыгышкан

Координациялык кеңеш азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жүргөн жери белгисиз деп билдирди

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов координациялык кеңештин жыйынында парламенттен 95 орун алууну каалаган Матраимовдор массалык нааразычылык акциясына күнөөлүү деп билдирди.

"Мен эч качан өзүмдүн көз карашымдан тайган эмесмин" деп ишендирди Бабанов. - Кечээ эл тынч митингге чогулганда, тартип сакчылары өзүлөрү мыйзамды буза башташты. Бирок жалпысынан Матраимовдор шайлоодо 95 орун алууну каалап, мыйзамды бузушкан. Ошондуктан, эл нааразычылыгын билдирип чыкты. Биздин кеңешти түзүүнүн максаты - юридикалык талаада баарын чечүү. Биздин мамлекет башкаларга үлгү болушу керек. Парламент чогулуп, өкмөттү түзүшү керек.

Координациялык кеңештин башчысы Адахан Мадумаров белгилегендей, кеңеш мүчөлөрүнүн президент менен жолугушуусу болгон жок. Ошондой эле, ал Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун азыр кайда экендигин билишпестигин айтты.

Эске салсак, ушул түнү эл менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунан Ак үйдүн имараты басып алынган. Андан кийин нааразы болгондор УКМКга барып, белгилүү саясий туткундарды бошотушту.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх