Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган

Шаардык Кеңештин депутаттары күндүз шаар мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бул тууралуу түштүк борбордун муниципалитетинин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

- Эртең кененирээк маалымат берилет, - деп кошумчалады Абсаттаров.

Жергиликтүү шаардык кеңештин депутаттары түштөн кийин Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө үчүн добуш беришти.

Сарыбашов шаарды 2018-жылдын июль айында өткөрүп алган.

Буга чейин ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх