Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында тартипти орнотуу жана жеке менчикти коргоого милиция кызматкерлери кошуундар менен биргеликте чыгышты

Стратегиялык объектилер жана мекемелер күчөтүлгөн коопсуздукка алынды

Учурда милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик күзөтчүлөр менен биргеликте Бишкек шаарында жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жеке жана мамлекеттик менчикти коргоо боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, бир катар стратегиялык объектилер жана мекемелер күчөтүлгөн кайтарууга алынды.

Бишкек шаарынын убактылуу мэри Жоошбек Коеналиевдин буйругуна ылайык, шаардын бардык райондорунда элдик күзөтчүлөр түзүлүп, алар жергиликтүү полиция менен мыйзамдуулукту жана тартипти коргоо боюнча өз ара аракеттенишет.

Эгер сиздин коопсуздугуңузга коркунуч жаралса, токтоосуз жакынкы милиция кызматкерлерине же сакчыларга кайрылып, күнү-түнү 102 номерине чалыңыз.

Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх