Бишкекти жарандык активисттер уюштурган элдик кошуундар кайтарат
Кошуундар мамлекеттик номурларды алып салган айдоочулардан аларды коюп, жол эрежелерин бузбоону, провокацияларга алдырбоону жана кызматташууга чакырууну суранат
Шаарды кыдырууну Бишкек шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы Мирлан Бекитаев демилгелүү топтор, жарандык активисттер жана жаштар уюмдары менен биргеликте ишке ашырды. Бул тууралуу Координациялык кеңештен билдиришти.
Жүрүштөр коомдук мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу жана талап-тоноочулукка жол бербөө максатында жүргүзүлдү.
Ыктыярдуу элдик күзөтчүлөрдү уюштурган жарандык активисттер - Болот Ибрагимов, Тилек Усупов жана башкалар шаарды коргоо үчүн биригишти.
Учурда кошуундар негизги көчөлөрдү курчоого алышып, коомдук тартипти камсыз кылышууда. Алар так координацияланган иштерди жүргүзүшөт, мамлекеттик номурларды алып салган айдоочулардан аларды коюп, жол эрежелерин бузбагыла, провокацияларга алдырбагыла жана кызматташтыкка чакырды.
Координациялык кеңеш
Сүрөт www