Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек Координациялык Кеңеши: Шаардагы кырдаал көзөмөлдө

Учурда элдик кошуундар тобуна 1500дөн ашык адам топтолду

Бишкек шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы Мирлан Бекитаев элдик көзөмөл, демилгелүү топтор, жарандык активисттер, жаштар уюмдары менен биргеликте коомдук тартипти камсыз кылуу жана талап-тоноочулуктун алдын алуу максатында бардык шаардыктарга кайрылуу жасады.

Бишкек шаарынын бардык жарандарына жана шаардын активисттерине чагым салбоого чакырабыз. Шаардагы кырдаал көзөмөлгө алынып, биргелешкен аракеттердин натыйжасында максималдуу тартип камсыздалат. Учурда элдик көзөмөлчүлөр тобуна 1500дөн ашуун адамды топтодук.

Бардык кызыкдар жарандарды биригип, шаарыбызды коргоого биригүүгө чакырабыз, ошондой эле ар кандай жалган маалыматтарды тараткан жасалма фактыларга ишенбөөңүздөрдү өтүнөбүз. Шаардагы кырдаал Бишкек шаардык мэриясынын жана активисттердин көзөмөлүндө. Кырдаал жөнүндө саат сайын кабарлап турабыз жана бул коомчулук багыттаган расмий маалымат болот.

Калган ыктыярдуу кошуундарды координациялоо үчүн Тилек Усупов Бишкек шаарынын элдик көзөмөлдөө координатору болуп дайындалды.

 

Бишкек шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы Мирлан Бекитаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх