Ош шаарынын мэриясынын жанына белгисиз адамдар боз үйлөрдү тигишти (сүрөт)
Буга чейин Алай жана Кара-Кулжа аймактарынан элдер борбордук аянтка чогулушкан
Ош шаарында белгисиз адамдар мэриянын жанына боз үйлөрдү тигишти. Vesti.kg сайтынын сүрөтүн окурман жөнөткөн.
Ал ортодо, түштүк борбордун мэриясы боз үйлөрдү ким тигип бергенин билбейбиз деп ишендирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Алай жана Кара-Кулжа аймактарынан келгендер Ош шаарынын борбордук аянтына чогулушкан. Чогулгандардын биринчи бөлүгү түштүк борбордун мэри Таалайбек Сарыбашовду, экинчиси - чет өлкөдөн кайтып келген экс-мэр Мелис Мырзакматовду колдошту. Тараптар бир пикирге келе алышкан жок.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз