Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Манас" аэропортун 500дөн ашуун адам кайтарып жатат(сүрөт)

"Манас" жана "Ош" аэропортторундагы эл аралык жана ички каттамдар график боюнча аткарылууда

Бүгүн "Манас" аэропортун кайтарууга "МАМ" ААКтын, "Кыргыз аэронавигация" мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү кызматынын, ИИМдин  500дөн ашуун кызматкерлери жөнөп кетишти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

«Авиация кызматкерлери өлкөдөгү акыркы окуялардын фонунда мыйзамдуулукту жана тартипти коргоо үчүн чыгышкан. Негизги милдет - учактардын жана жүргүнчүлөрдүн учуу коопсуздугун камсыз кылуу », - деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, "Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. "Манас" жана "Ош" аэропортторундагы бардык эл аралык жана ички каттамдар графикке ылайык аткарылууда.

 

 

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх