ЭККМКнын төрагасы Бакир Таиров өз милдетин мурдагыдай эле аткарып жатат
Алтынбек Жумагулов башкаруу бөлүмүнө кайтып келди
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров өз милдетин мурдагыдай аткарууда. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алтынбек Жумагулов, убактылуу башчылык кызматын алмаштырып ЭККМКнын бөлүмүнүн башчысы болуп мурунку кызматына келди.
"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өздүк курамы кызматын күчтөндүргөн режимине өткөрүлдү", - деп билдирет Каржы полициясы. - ЭККМКнын кызматкерлери элдик кыймылдын колдоосу менен Кызматтын ишине сырттан кийлигишүүгө жол бербейт!
КРӨнүн алдындагы ЭККМКнын басма сөз кызматы
Фото КРӨнүн алдындагы ЭККМКнын басма сөз кызматы