Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри кызматына кайтып келди (видео)

Аида Касымалиева аны колдоп митингге чыкты

Азиз Суракматов кайрадан Бишкек шаарынын мэри. Бул тууралуу аны колдоп митингге катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Фейсбукка жазды.

«Мыйзамдуу жана эл мэри Суракматов жумуш ордуна кайтып келди. Биз туруктуулукту жана мыйзамдуулукту жактайбыз », - деп жазган ал.

 


Суракматов өзү шаардыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен бул жерге ушунча адам келет деп күткөн эмесмин. Мага чалып, шаардык мэриянын жанына адамдар чогулуп жатышканын айтышты. Чоң рахмат. Азыр шаар тоңуп жатат, жылуулук менен камсыз кылуу керек. Азыр талап-тоноочулар көбөйүп кетти, муну токтотуш керек. Шаарды ирээтке келтиребиз », - деди ал.

Борбор калаанын мэри бүгүн талап-тоноочулукка каршы күрөшүү үчүн укук коргоо органдары менен жолугушуу болорун кошумчалады

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх