УКМК: Өзбек тарап Тилек Матраимовдун кармалгандыгын тастыктады
Кара-Суу районунун экс-башчысын жана анын жакындарын экстрадициялоо үчүн Башкы прокуратура жооп берет
Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовдун жана анын жакындарынын кармалгандыгын өзбек тарап дагы тастыктады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКдан Матраимовдун туугандары анын кармалышын четке кагып жатат деген маалыматка комментарий берип жатып билдиришти.
Матраимовду жана анын жакындарын экстрадициялоону Башкы прокуратура чечет.
Түшүндүрөлү, эртең менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү учурунда (дарыянын аркы өйүзүндө, жер такталууда) Өзбекстандын чек арачылары Тилек Матраимовду жана анын туугандарын (уулу, жээндери жана жеке күзөтчү) кармашкандыгы белгилүү болду.
Бирок Тилек Матраимовдун туугандары бул маалыматты четке кагышты.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www