Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асанов Чүй облусунун ИИБнын өздүк курамына тапшырма берди

Бардык бөлүмдөрдүн кызматкерлери күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Чүй облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Учурда Чүй облусунун ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коомдук коопсуздукту коргоонун күчөтүлгөн режиминде нөөмөттө турушат.

 

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх