"Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда атышуу болду"
Полиция азырынча ким атканын билбейт
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айрым саясий партиялар менен байланышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда атышуу болду. Бул маалымат социалдык тармактарда жайылууда.
Vesti.kg сайты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына комментарий сурап кайрылып, анда чындыгында эле милицияга чалуу болгонун кабарлашты.
"Бүгүн саат 18:30 чамасында ок атылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн", - деп түшүндүрүштү алар. - Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кетти.
Азырынча булар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон деген маалымат жок. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
ИИМден толук маалымат эртең берилерин кошумчалашты.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз