Президенттин пресс-катчысы: Сооронбай Жээнбековдун отставкасы жөнүндө сөз болгон жок
Толгонай Стамалиева ММКларга президент бул кызматты өткөрүп берүүгө даяр деген маалымат боюнча комментарий берди
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун отставкасы жөнүндө сөз боло элек. Бул тууралуу РИА Новостиге мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
«Стамалиева Сооронбай Жээнбеков республиканын премьер-министри Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл алган жок деп кошумчалады», - деп жазат гезит.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин экс-депутаты, убактылуу өкмөттүн башчылыгына талапкер Садыр Жапаров президент өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирген.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз