УКМК: Кармалган Матраимов жана анын туугандары кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди
"Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди"
Кармалган мамлекеттик чек араны бузгандар - Тилек Матраимов, анын туугандары жана жеке күзөт кызматы кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"2020-жылдын 9-октябрында Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузган жарандарды, 1967-жылы туулган Матраимов Тилекти, 1989-жылы туулган Кочкорбаев Зиябиддинбекти жана 1979-жылы туулган Ахмедов Махсудду өткөрүп беришти", - деп айтылат билдирүүдө.
2020-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматы аларды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармашкан.
2020-жылдын 9-октябрында, КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси боюнча катталган АРИС ЭРПнын алкагында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө башталды.
Учурда кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин парламенттин депутаты Искендер Матраимов бул билдирүүнү четке каккан. Telegram каналы "сейчас KG" үй-бүлөнүн туугандарынын Тилек Матраимовду эч ким кармабагандыгы тууралуу билдирүүсүн таратты.
КР УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы