Өмүрбек Суваналиев: Кубатбек Боронов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган эмес (сүрөт)
Бирок, ишенимдүү булак Vesti.kgге билдирүүнүн сүрөтүн бөлүштү
Кубатбек Боронов Кыргызстандын премьер-министрлик кызматынан кетиши жөнүндө арыз жазган эмес. Бул тууралуу убактылу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин күч структураларынын координатору Өмүрбек Суваналиев "сейчас KG" Telegram-каналына билдирди.
"Суваналиев: Боронов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган эмес", - деп айтылат билдирүүдө.
Бирок Vesti.kg маалымат булактары Кубатбек Боронов кол койгон кызматтан кетүү тууралуу катты камтыган сүрөтүн редакция менен бөлүштү.
Эске салсак, 2020-жылы 6-октябрда "Достук" мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кызматтан кеткени белгилүү болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева РИА Новостиге билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын кызматтан кетишин кабыл алган жок.
Сүрөт Vesti.kg