Убактылуу коопсуздук кеңешинин башчысын Өмүрбек Суваналиевди УКМКнын имаратынан узатышты
"Улуттук коопсуздук органдары саясаттан тышкары"
Күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары калышы керек. Бул тууралуу УКМКда убактылуу милдетин аткаруучунун катышуусунда өткөн жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигинин, ардагерлеринин жана жеке курамынын кайрылуусунда айтылды.
Жетекчиликтин жана жеке курамдын пикири боюнча, УКМК айрым саясий жана башка күчтөрдүн соода кызыкчылыктарына кызмат кылбайт же айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болбойт. Атайын кызматтын башкы максаты - элдин жыргалчылыгы жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу.
Ошондуктан УКМКнын жетекчилиги, ардагерлери жана кызматкерлери генерал-майор Өмүрбек Суваналиевди УКМКнын борбордук имаратынан чыгарып кетишти.
Учурда УКМКнын жеке курамы толугу менен кадимки режимде иштеп жатат. УКМКнын имаратын коргоо жана өлкөдө мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн күчтөр жана каражаттар жетиштүү.
КР УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www