ЖККУ Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр
Уюмдун баш катчысы эгер зарыл болсо алар өз ролун аткарууга, анын ичинде ортомчулук кылууга даяр экендигин билдирди
Керек болсо ЖККУ Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда ортомчулук ролду ойной алат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Станислав Зас билдирди.
«Биз Кыргызстандагы кырдаал турукташып, укуктук чөйрөгө киргизилет деп үмүттөнөбүз. ЖККУ эгерде зарыл болсо өзүнүн ортомчулук ролун да аткарат. Мындай тажрыйба бизде буга чейин эле болгон », - деди Зас RT телеканалына берген маегинде.
Толкун Сагынова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз