Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке кайтып келүүнү каалайт
Ал буга чейин КР БШКга арыз берген
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайтып келүүнү көздөп жатат. Ал буга чейин КР БШКга арыз берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын арызын кийинки жумада карай тургандыктарын белгилешти.
2017-жылы Өмүрбек Текебаев MegaCom ишинде 1 миллион доллар пара берген деп айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
2020-жылдын август айында Жогорку Сот өкүмдү жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөттү, ал экс-депутатты үй камагына чыгарды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз