Эски аянтка кайрадан митингчилер көбөйдү(видео)
Садыр Жапаровдун тарапташтары акцияны чагылдырбаган журналисттерди коркутуп жатышат
Митингчилер кайрадан Эски аянтта жайгашкан Өкмөт үйүнө чогулушту. Видео Telegram каналы "сейчас KG" тарабынан жарыяланган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Садыр Жапаровду колдогон 10-15 кишиден турган топ редакцияга келип, митингди чагылдыруу үчүн аянтка кабарчы жөнөтүлүшүн талап кылгандыгын билдирди. Алар журналисттерге жарым саат убакыт беришкен, эгер алар баш тартышса, кайра келип, кеңсени талкалап салабыз деп коркутушкан.
Сүрөт, видео Телеграмма
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз