Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы: Сапар Исаковдун колонияга өз ыктыяры менен кайтып келүүгө дагы деле убактысы бар
Мурунку премьер-министрдин дайыны азырынча белгисиз
Кыргызстанда ушул жылдын 6-октябрына караган түнү Ак үй басып алынгандан кийин, саясатчылар бошотулган.
Бүгүн борбор калаанын ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча соттолгон Улуттук энергетикалык холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев өз ыктыяры менен жазасын өтөп жаткан колонияга кайтып келгени белгилүү болду.
Мындан тышкары, Алмазбек Атамбаев жана анын жансакчылары Канат Сагымбаев, ошондой эле Дамир Мусакеев, Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев жана Рустам Ибраимов укук коргоо органдары тарабынан мурда кармалган.
Ошол эле учурда, ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаров ошол эле түнү №27 колониядан бошотулуп, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан премьер-министрдин кызмат ордуна шайланган.
Мыйзамсыз бошотулган башка саясатчылардын, анын ичинде өкмөттүн мурунку башчысы Сапар Исаковдун дайыны азырынча белгисиз.
КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, Исаковдун өз ыктыяры менен кайтып келүүгө дагы деле убактысы бар.
- Анын ушул жылдын 13-октябрына чейин өз ыктыяры менен келүүгө убактысы бар, - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.
Манас Көлбаев
Сүрөт www