Бош орун жок. БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты кайтарып берген жок
Бирок, "Конституциянын атасы" парламентке өтүүгө дагы деле мүмкүнчүлүгү бар.
Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатын калыбына келтирүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн БШКнын отурумунун жүрүшүндө белгилүү болду.
Бирок, комиссия "Ата Мекен" партиясынын лидеринин билдирүүсү бош мандат түзүлгөнгө чейин ачык бойдон калаарын белгиледи. Башкача айтканда, партиянын мүчөлөрүнүн бири кызматтан кетсе, анда Текебаев парламенттеги фракциядан өз ордун ээлей алат.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылышкан.
Бирок, 2019-жылдын август айында Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароого жөнөткөн. Натыйжада, 29-августта экөө тең үй камагына бошотулган.
Родион Решетов
Сүрөт: www