Айбек Калиев өз ыктыяры менен колонияга кайтып келди, ал жерде жазасын өтөй берет
Улуттук энергетикалык холдингдин экс-башчысын УКМКнын кызматкерлери коштоп жүрдү
Бүгүн, 12-октябрда Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиев өз ыктыяры менен ал жаза өтөп жаткан түзөтүү мекемесине келди. Ал 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү мыйзамсыз бошотулган.
Учурда УКМКнын кызматкерлери Калиевди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына чейин узатып, ал жерде жазасын өтөй берет.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз